Кыргызстанды жок кылуу үчүн жихад жарыялаган аскер кызматкери кармалды

Жазылуу
Facebook социалдык тармагындагы баракчасына өлкөнү жок кылуу үчүн жихадчыларды топтоого чакырык таштаган жаран издөөгө алынып, кармалды.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Кыргызстанга социалдык тармакта жихад жарыялаган аскер кызматкери кармалганын Мамлекеттик Чек ара кызматы билдирди.

Дүйшөмбү күнү ИИМдин 10-башкармалыгы жайылткан билдирүүдө 20-24 жаштардагы киши өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына өлкөнү жок кылуу үчүн жихадчылардын тобун чогултуп жатканын жарыялагандыгыайтылат. Аталган жаран издөөгө алынган болчу.

Кармалган  аскер кызматкеринин ким экендигин тергөө кызыкчылыгы үчүн Чек ара кызматы маалымдаган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0