Ош облусунун салыкчысы рейд учурунда кармалган коньяктарды сатып жиберген

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүОш облусунун салыкчысы рейд учурунда кармалган коньяктарды сатып жиберген
Ош облусунун салыкчысы рейд учурунда кармалган коньяктарды сатып жиберген - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош облусунун мамлекеттик салык кызматынын кызматкери рейд учурунда кармалган 360 бөтөлкө коньякты сатып, акчасын өзү алып алган.

Уголовное дело - Sputnik Кыргызстан
Министрлик менен өкмөт аппаратынын кызматкерлерине каршы кылмыш иши козголду
БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Ош облусунун мамлекеттик салык кызматынын кызматкери рейд учурунда камакка алынган 360 бөтөлкө коньякты сатып, акчасын алып алганын УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

2014-жылдын мартында Ош облусунун Ноокат районуна жасалган рейд учурунда мыйзам бузуу аныкталып, ишкердин 360 бөтөлкө коньягы алынган. Ага инспекторго кармалган товарлар каттоо үчүн берилген. Бирок ал спирт ичимдиктерин сатып, акчасын өзү алып алган.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө  жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0