Министрлик менен өкмөт аппаратынын кызматкерлерине каршы кылмыш иши козголду

Жазылуу
УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы өкмөт аппаратынын, Каржы жана Айыл чарба министрликтеринин кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганын билдирди.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы өкмөт аппаратынын, Каржы жана Айыл чарба министрликтеринин кээ бир кызматкерлери өкмөттүн токтомун аткарбай, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке ири көлөмдөгү зыян алып келгени туурасында маалымдады. 

УКМКнын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК: мурдагы муфтий Эгембердиевге эл аралык издөө жарыяланган
2013-жылдын декабрында Айыл чарба министрлиги 2001-2012-жылдары дыйкандарга мамлекеттик бюджеттен берилген насыяларды кайтаруу жана анын мөөнөтүн узартуу боюнча өкмөттүн токтомун демилгеленген. 

УКМКнын маалымат кызматы билдиргендей, Каржы министрлигинин, өкмөт аппаратынын агро-өндүрүш комплекси бөлүмүнүн жана Каржы министрлигинин айрым кызматкерлери насыяларды кайтаруу боюнча өкмөттүн токтомун "МИС" ААКтын кызыкчылыгы үчүн бузган.

2015-жылдын 30-мартында УКМКнын тергөө башкармалыгы Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0