Кыргызстандын мурдагы муфтийи Эгембердиев Казакстанда кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын мурдагы муфтийи Рахматулла ажы Эгембердиев Казакстанда кармалды
Кыргызстандын мурдагы муфтийи Рахматулла ажы Эгембердиев Казакстанда кармалды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рахматулла Эгембердиев ири көлөмдөгү салык төөлөдөн качкан деп айыпталууда.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Кыргызстандын мурдагы муфтийи Рахматулла ажы Эгембердиев кармалганын Түштүк-Казакстан облусунун сотунун маалымат кызматы билдирди.

Эгембердиев бир жарым жылдай Кыргызстандын муфтийи болуп турган. Жеке турмушу боюнча видео интернетке чыккандан кийин, ал ээлеген кызматынан кетүүгө аргасыз болгон эле.

38 жаштагы Рахматулла Эгембердиев Кыргызстандын кылмыш жаза кодексинин 213-беренесинин 2-бөлүмү (ири көлөмдөгү салык төлөөдөн качуу) менен айыпталууда.

Маалыматка ылайык, Түштүк-Казакстан облусунун Сарыагаш районунун тергөө соту Кыргызстандын мурдагы муфтийин кармоого санкция берген.

Эгембердиевдин айтымында, ал Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон жана Казакстандан баш паанек суроого ниеттенүүдө.

КРдин Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат азырынча Эгембердиевдин кармалышы боюнча комментарий бере элек. 

Соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кире элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0