Россияда кеменин чөгүп кетишинен 54 адам каза тапты

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүРоссияда чет элдик 132 моряк бара жаткан кеме чөгүп, 54 адам каза тапты
Россияда чет элдик 132 моряк бара жаткан кеме чөгүп, 54 адам каза тапты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Траулер чөккөн жерде экипаждын аман калган мүчөлөрү түшкөн төрт кайык табылган. Бардыгы болуп алардын саны 63 адамга жетет.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. "Дальний Восток" деп аталган балык уулоочу ири кеме 2-апрелге караган түнү Охот деңизинде Магадандан 300 чакырым алыстыкта чөгүп кеткен. Анын натыйжасында 54 адам каза болду деп билдирет РИА Новости.

Траулерде 132 адам болгон. Алардын арасында Бирма, Вануату, Украина жана Латвия өлкөлөрүнүн жарандары бар экендиги белгилүү.

Кеме кырсык жөнүндө эч белги берген эместигин кабарлайт агенттик, өз маалымат булагына таянуу менен. 

Россиялык траулер чөгүп кеткени тууралуу маалымат 1-апрелде Москва убактысы боюнча саат 23.39да келип түшкөн.

Кеменин кыйрашына аба ырайы себеп болгон эмес, деңизде туман да, катуу толкундар да жок болчу. 

"Кеме музга байланышкан катуу шарттардын айынан чөгүп кетиши мүмкүн", — деп билдирет Камчатскинин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү.

Укук коргоо органдары кылмыш иши козголгону жөнүндө билдиришти. Ал эми кеменин ээси "Магеллан" компаниясы ички текшерүүлөрүн баштады. 

Траулердин чөккөн жеринен жакын өтүп бара жаткан кемелер экипаждын аман калган мүчөлөрү түшкөн төрт кайык табылган. Бардыгы болуп алардын саны 63 адамга жетет. Ошондой эле 54 моряктын да сөөктөрү табылган.

Маалымат булагы билдиргендей, гидрокостюму болгондо да, жылуулугу 2 градустан ашпаган сууда адам 15-20 мүнөттөн ашык чыдай албайт.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кеме менен кошо дагы 15 чакты адам деңиз түбүнө кетиши мүмкүн. 

"Куткаруу иштерине 800гө жакын киши катышып жатат. Кеме кыйраган жердин үстүнөн Ми-8 тик учагы айлынып жүрөт жана бир нече чоң кеме кырсык болгон жерди кыдырып издөө салууда", — деп билдирди маалымат булагы.

Охот деңизине чөгүп кеткен кеме тиешелүү компаниянын өкүлү багары жок калган үй-бүлөлөргө сөзсүз компенсация төлөнө тургандыгын айтты. 

Кемеде КРдин жарандары бар-жогун азыр Кыргызстандын ТИМИ текшерип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0