Ош: Сирияга барып келген эл аралык террордук уюмдун үч мүчөсү кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековРуки в наручниках. Архивное фото
Руки в наручниках. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМКнын Оштогу башкармалыгы тарабынан Сирияга барып келген эл аралык террордук уюмдун үч мүчөсүн кармалды.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Ош шаардык жана Ош облустук башкы башкармалыгы аталган аймактан Сириядагы согуштук аракеттерге катышып кайткан үч адамды кармады. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Кармалган 26-27 жаштагы үч жаран Сириядагы согуштук аракеттерге катышып, терроризм боюнча даярдыктан өткөн. Буларга карата УКМК Кылмыш Жаза Кодексинин 375-беренеси (Жалданмачылык) боюнча кылмыш ишин козгоду.

"Эл аралык террордук уюмдун кармалган мүчөлөрү чыр-чатак болгон аймактан – Сириядан жакынкы айларда кайтып келишкен", — деп билдирди УКМКнын маалымат кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов. 

Ош: атайын кызматтар жардырууларды пландаган террористтик топторду кармаган
Буга чейин Сирияга Стамбул аркылуу адам жөнөтүп жүрүп мекенине алынып келген Кыргызстандын жараны бул багытта 7-8 адам иштээрин айткан. 

УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкармалыгы 2014-жыл ичинде Сириядан кайтып келип, Кыргызстанда ар кандай теракттарды уюштурууну пландаган үч топту кармаган.

Акыркы маалыматтарда Сирияга жихад деген ишеним менен кеткендердин саны 230дун тегерегинде, аларын ичинен 126 адам Ош аймагынан.

Жаңылыктар түрмөгү
0