Америка жараны Ошто диний абал туурасындагы маалымат топтоп жүргөн жеринен кармалды

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOСотрудники МВД
Сотрудники МВД - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын жараны Умар Фарукту кармаганда андан "Хизб-ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун жакында кармалган лидерине козголгон кылымыш иши боюнча тергөө документтеринин, террористтик топтор боюнча документтердин көчүрмөсү жана экстремисттик адабияттар табылган. Бул туурасында УКМК билдирди.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Ош облусунда диний абал туурасындагы маалымат топтоп жүргөн жеринен Умар Фарук аттуу америка жараны кармалды деп билдирди УКМКнын маалымат кызматынан. 

Маалыматта аны карап, текшерип жатканда "Хизб-ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун жакында кармалган лидерине козголгон кылымыш иши боюнча тергөө документтеринин, террористтик топтордун кээ бир боюнча документтердин көчүрмөсү жана улут аралык бөлүп жарууга жана жихадга чакырган диний-экстремисттик, террордук мүнөздөгү DVD-дискке жазылган видеоматериалдар табылгандыгы айтылган.

"Бул адам Ош облусунун аймагындагы диний жагдай туурасында маалыматтарды мыйзамсыз топтоп жүргөн", — деп кошумчалашты аталган ведомстводон. 

Аталган факты боюнча, теологиялык экспертизанын жыйынтыгынын негизинде Ош облусунун жана Ош шаарынын УКМКнын тергөө органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, Умар Фарукка КРдин Кылмыш жаза кодексинин бир нече беренелери боюнча күнөө тагылууда. Алар 297-берене (Конституциялык түзүмдү күч менен өзгөртүү), 28-берене (Кылмыш далалаты) жана 299-беренелер (Улуттук, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу). 

Тергөө иштеринин жүрүшүндө Умар Фарук андан табылган тергөө документтеринин көчүрмөлөрүн "Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо уюмунун кеңсесинин юристи, КР жараны Вахитовдон алгандыгын айткан. Андан сырткары Умар Фаруктун жанынан аталган укук коргоо уюмунун борборунун менеджери Салиевдин визиттик карточкасы табылган. 

Козголгон кылмыш ишинин объективдүү жана ар тараптуу изилдениши үчүн 27-мартта Ош шаардык сотунан Вахитов менен Салиевдин жашаган жай менен иш ордуна тинтүү жүргүзүүгө санкция алынган. Жыйынтыгында, диний маанайдагы DVD-дискттер, флешкалар, баракчалар жана брошюралар табылган.

Валерьян Вахитов ИИМдин 10-башкы башкармалыгы 2015-жылдын 10-февралында эл арасында диний-экстремисттик уюмдун идеясын жайылтып жүргөн деп таап, эки айга, 9-апрелге чейин камалган Кара-Суу шаарындагы "Аc-Сарахсий" мечитинин имамы Рошад Камаловдун үч жактоочусунун жактоочусунун бири. Жактоочу буга чейин имам мыйзамсыз камалды деген нааразылыгын айтып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0