Бала бакчанын экинчи кабатынан кулап түшкөн бала реанимацияда

© Sputnik / Табылды КадырбековМашина скорой помощи возле входа в городскую больницу.
Машина скорой помощи возле входа в городскую больницу. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
№113 "Баластан" балдар бакчасынын экинчи кабатынан кулап түшкөн 4 жаштагы бала шаардык бешинчи клиникалык ооруканага алынып келди. Учурда ал реанимацияда.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Бишкек шаарындагы №113 "Баластан" балдар бакчасынын экинчи кабатынан кулап түшкөн 4 жаштагы бала учурда реаниацияда жатканын балдардын шаардык клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Гүлнара Жанабилова Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

"Баланы бизге алып келишти. Учурда ал реанимацияда. Азырынча анын абалы жөнүндө эч нерсе айта албайбыз. Маалыматтар кийин берилет", — деди ал.

113-балдар бакчасынын экинчи кабатынан бала кулап кеткенин окуяга күбө болгондор билдирген болчу. Тез жардам кызматы аталган окуяны тастыктады. Бала бакчанын башчысы болгон окуя жөнүндө маалымат берүүдөн баш тартты.

Жаңылыктар түрмөгү
0