Спайс цирктин бир артистинин өлүмүнө себеп болду

CC BY-SA 2.0 / Matto Fredriksson / FoundКурительная смесь "Спайс"
Курительная смесь Спайс - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тергөөчүлөрдүн айтымында, 2015-жылдын 11-мартында Руслан Садоевдин сөөгү цирктеги өз бөлмөсүнөн табылган. Кыязы, аристтин өлүмүнө ал чеккен спайс себеп болгон деп айтылат ТКнын билдирүүсүндө.

БИШКЕК, 13 мар — Sputnik. Ярославль циркинин актеру божомолдоолор боюнча спайстан каза болуп, дагы экөө баңги заттан ууккандык белгиси менен ооруканага жеткирилген деп билдирет РИА Новости Россиянын Ярославль областы боюнча тергөө комитетине таянуу менен.

Артисттин жансыз денеси өзүнүн бөлмөсүнөн табылды деп билдиришти комитеттен.

"2015-жылдын 11-мартында Руслан Садоевдин сөөгү цирктеги өз бөлмөсүнөн табылган. Алдын ала божомолдоолор боюнча, аристтин өлүмүнө ал чеккен спайс себеп болгон", — деп айтылат билдирүүдө.

Бишкекте спайс сатуучу Skype аркылуу кайрылган адамды тизмесине эки мүнөттө кошту
Тергөө комитетинен баңги аралашмасын чегүүдөн цирктин дагы эки артисти ууланып, жергиликтүү ооруканага жеткирилгенин белгилешти. Алардын бири эсин жоготкон абалда жатат, экинчиси болсо ооруканага жатуудан баш тартты дейт ТКнын тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүп жаткан кызматкерлери. Тергөөчүлөр окуя болгон жерден табылган баңгы заттын аралашмасы бар баштыкты экспертизага жиберишкен.

2014-жылдын күзүндө спайсты колдонуудан көп сандагы адамдардын ууланышы аталган маселеге коомчулуктун курч көңүлүн бурган. Анда 40 ашык адам каза таап, 2 миңге жакыны ууланган. Октябрь айында Баңги заттарды көзөмөлдөө боюнча федералдык кызмат спайстын айрым түрлөрүн пайдаланууга тыюу салууну демилгелеген. Бирок чегүүчү аралашманы чыгаруучулар спайстын формуласын өзгөртүү менен абалдан чыгып кетишкен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0