01:30 23 Аяк оона 2020
Түз эфир
  • USD79.2643
  • EUR93.0682
  • RUB1.0392
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
8721

Алдын ала маалыматтарга ылайык, жумушчулар лифтти оңдоп жатканда, аркан үзүлүп кеткен.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. "Айчүрөк" соода борборундагы лифттен каза болгондор техникалык кызматкерлер экенин соода борборунда иштегендер булак билдирди.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы борбордон эки киши каза болгонун буга чейин биздин кабарчыга билдирген болчу.

Акыркы маалыматтарга ылайык, техникалык кызматкерлер оңдоо иштерин жүргүзүп жатканда, лифтин арканы үзүлүп кетип, 6-кабаттан кулаган.

Шаардык "Тез жардам" борборунан болгон кырсыкты биздин кабарчыга тастыктады. Кырсык тууралуу билдирүү аларга саат 9:52де келип түшүп, дарыгерлер окуя болгон жерге алты мүнөттөн кийин жөнөп кетишкен.

Тез жардам кызматкерлери кырсыкка кабылган эки жумушчунун өлгөнүн аныкташкан.

Белгилер:
тез жардам, Айчүрөк соода борбору, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ