"Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүндөгү лифт шахтасына кулаган эки киши каза болду

© Sputnik / Алексей Ничукин / Медиабанкка өтүүЛифт. Архив
Лифт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кишилер 5 кабаттан лифтин шахтасына кулаганы айтылууда.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын борборунда орун алган "Айчүрөк" соода борборунун 5 кабатынан 2 киши лифтин шахтасына кулап каза болгонун Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан тастыкташты.

Учурда окуя болгон жерде укук коргоо органдары иштеп жатат. Окуянын чоо-жайы териштирилүүдө. "Айчүрөк" соода борборунун администрациясы бул окуя боюнча эч кандай маалымат бере албасын билдирди.

Бишкек шаардык куткаруу кызматына аталган факты боюнча аларга эч кандай маалымат келип түшпөгөнүн маалымдашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0