Ат-Башы районунда кутурма дарты боюнча карантин киргизилди

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүГорное пастбище в Суусамырской долине
Горное пастбище в Суусамырской долине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кара-Суу жана Ак-Талаа айыл аймактарында малдын кутурма дарты аныкталды.

БИШКЕК, 12-мар — Sputnik. Нарындын Ат-Башы районунда шаршемби күнү, 11-мартта, малдын кутурма дартына карата карантин киргизилгенин Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын малды көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Мурат Абдраев билдирди.

Анын айтымында, кутурма дарты Кара-Суу жана Ак-Талаа айыл аймактарында жана кыргыз-кытай чек арасына жакын жердеги Ак-Сай өрөөнүндө табылган.

"Кутурма чыккан жерлерде чектөө киргизилип, малды мажбур түрдө эмдөө жүрүүдө. Аймакка 5 миң вакцина жөнөтүлдү. Кутурманын чыгышына кемирүүчү айбанаттардын көбөйүшү себеп болгон. Жергиликтүү администрация жолбун иштерди жана жапайы жаныбарларды атышы керек. Бирок, биздин берген тапшырмабызга карабастан, алар аны аткарбай жатат", — деди Абдраев.

Карантин киргизилгенден кийин айыл аймактарынын чек арасына тосмолор орнотулуп, аймактын милиционерлер жана мал доктурлар күнү-түнү күзөтүп жатышат. Эгер эмдөө иштери жүрүгзүлгөндөн кийин 16 күндүн ичинде жаңы учурлар катталбаса, Ат-Башы районуна киргизилген карантин алынат.

2015-жылдын февраль айында Жалал-Абад облусунун Көк-Таш айылына да карантин киргизилген. Күйдүргү дарты менен ооруган уйду сойгон жети киши Майлуу-Суу шаардык ооруканасына күйдүргү шартына шектелип жаткырылган болчу. Дарылангандан кийин алар кайта чыгарылган.

Майлуу-Суудагы карантин 16 күндөн кийин алынганын Абдраев кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0