Аялдарды тоноп жүргөн кылмыштуу топ Балыкчыда кармалды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКишен. Архив
Кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аялдарды тоноп жүргөн кылмыштуу топту кармашты.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Балыкчы шаарында колго түшүрүлгөн кылмышкерлер негизинен аялдарды тоноп келишкен. Алардын ушул өңдүү эки кылмыш ишине тийиштиги бар экени аныкталганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Наручники - Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэриясынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды
1995-1996-жылы туулган балдар кезектеги тоноону жасоо алдында колго түшүрүлгөн. 

Балыкчы шаарынын тургуну түнкү саат 23:00дөрдө чалып, анын үйүнүн эшигин белгисиз бирөөлөр ачууга аракет кылып жатканын айтып телефон чалган. Айтылган дарек боюнча келген милиция кызматкерлери үйдүн короосунан 4 баланы көрүшкөн. Алар милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүшкөн. Куралчан топтон 16 калибрлүү курал, аялдын байпактарынан жасалган маска, кол кап, скотч жана отвертка табылган.

Аталган куралчан кылмыштуу топ февраль айында дагы аялга кол салышкан. Аялдын 50 миң сомдон ашык акчасын, планшетин жана азем буюмдарын алып кетишкен. 

Учурда аталган факты боюнча иликтөө иштери улантылууда. Кылмыш иштерине тийиштиги бар башка мүчөлөрүн кармоо аракеттери көрүлүүдө.


Жаңылыктар түрмөгү
0