Беларусь тергөөчүлөрү Анипяевдин өлүмүнө байланыштуу КРге келүүгө ниеттенүүдө

© Sputnik / Виктор ТолочкоБелоруссиянын тергөө комитети. Архив
Белоруссиянын тергөө комитети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Расмий Минск бул боюнча Бишкекке кайрылып, аталган кылмышты иликтөө боюнча укуктук жактан көмөк көрсөтүү боюнча жардам сурады.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Беларусь тергөөчүлөрү Алмамбет Анапияевдин өлүмүнө байланшытуу Кыргызстанга келүүгө ниеттенип жаткандыгын Белоруссиянын тергөө комитетинен билдиришкен. Бул туурасында Sputnik Беларусь жазып чыкты.

КР жараны Анапияев мындан бир нече апта мурун Минск шаарында киши колдуу болуп, анын бычакталган денеси автоунаанын багажнигинен табылган. 

"Беларусь тартип коргоо органдарынын Кыргызстандын аймагындагы тергөө жана башка дагы процессуалдык иштерге катышуусу боюнча маселе каралып жатат", — деп билдирген Sputnik маалымат сайтына жума күнү аталган ведомствонун маалымат кызматынын жетекчиси Сергей Кабакович.

Анын айтымында, бул багытта тергөө комитети КРдин Адилет министрлигинин компетентүү мекемелерине укуктук жактан көмөк көрсөтүүнү суранган боюнча документ жөнөттү. 

Кабакович Тергөө комитети Анапияевдин өлүмү боюнча кылмыш ишин иликтөөнү улантып жаткандыгын, тергөөчүлөр кылмыштын бардык версияларын ар тараптан карап жатышкандыгын билдирди. 

"Тергөө жана башка бир катар процессуалдык багытта бир топ иштер жасалып жатат. Маркумдун жакындары, аны билгендер, ал тургай анын айланасындагылар менен аралып, сүйлөшүп жүргөндөр да суралып жатат", — деп билдирди Тергөө комитенини өкүлү. 

Анапияев 2003-жылы Кыргызстанда талап-тоноочулук үчүн сегиз жылга эркинен ажыратылып, бирок, 3 жылдан кийин мөөнөтүнөн мурда бошотушкан. Төрт жыл мурда киши уурдагандыгы жана башка мыйзамсыз аракеттери үчүн эл аралык издөөгө алынган. Акыркы маалыматтарга караганда, Анапияев Дубайда жашап жүргөн. АКШнын атайын кызматтарынын маалыматында, ал мурдагы СССРдин курамындагы мамлекеттердин криминалдык топторунан турган "Братский круг" деп аталган топко кирген. 2010-жылдан тарта Анапияев Алыш күрөшү боюнча эл аралык ассоциацияны жетектеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0