Жумгал районунун тургунун сабап өлтүргөн эки милиция кызматкери 15 жылга кесилди

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүАбак. Архив
Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нарын облустук ички иштер башкармалыгында милициянын прапорщиги менен лейтананты болуп иштегендер "Кызматтык укуктарынан аша чабуу" жана "Саламаттыкка атайылап залал келтирүү" беренелери боюнча айыптуу деп табылып, 15 жылдан эркинен ажыратылды.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Чүй облусунун Кемин райондук сотунун 25-февралдагы өкүмү менен Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгынын тез чара көрүүчү атайын отрядынын кызматкери, милициянын прапорщиги Б.Ч. жана ошол эле башкармалыктын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн опери, милициянын ага лейтенанты С.Ж. Кылмыш жаза кодексинин 305-беренеси "(Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу") жана 104-беренеси ("Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү") боюнча күнөөлүү деп табалып, 15 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.

Архив: милиция кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Милиция кызматкерлерине жеке ишкердик субъектилерди текшерүүгө тыюу салынды
Үчүнчү кызматкер, Ички иштер башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн опери, милициянын майору Т.Р.каза болгондугуна байланыштуу иш кыскартылган.

Соттолгон кызматкерлери 2013-жылдын 1-декабрында, саат 11-00 чамасында Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенине келишкен. Ал жактан Чаек айылынын тургуну А.М. аттуу жарандын айдап жүргөн автоунаасын мыйзамсыз токтотуп, терезелерине чапталган күңүрт пленкаларды белгисиз нерселер менен чийишип, коркутуп, уруп-сабашкан. кесепетинен А.М. аттуу жаран каза болуп калган.

Аталган жарандардын жаза өтөө мөөнөтү камакка алынган күндөн баштап эсептелинет. Өкүмгө нааразы тарап 10 күндүн ичинде Чүй облустук сотуна Кемин райондук соту аркылуу арызданууга же сунуш берүүгө акылуу. 

Алар жазасын түзөтүү абагында күчөтүлгөн тартипте өтөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0