"Учур" гезитинин башкы редактору убактылуу кармоочу жайга камакка алынды

Жазылуу
Курал колдонуп бейбашчылыкка барган делинген "Учур" гезитинин башкы редактору Аслан Сартбаев Октябрь райондук сотунун чечими менен №1 убактылуу кармоо жайына камакка алынды.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. "Учур" гезитинин башкы редактору №1 убактылуу кармоо жайына камакка алынганын Бишкек ШИИБдин маалыма кызматы билдирди.

Башкы редактор менен жеке ишкер Самсаалы Четинбаевдин ортосунда пикир келишпестик болуп, редактор тапанчасын алып чыгып, жеке ишкерди атып салам деп коркуткан. 

КР Кылмыш жаза кодексинин "Бейбашчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Жеке ишкердин айтымында, алардын ортосундагы пикир келишпестик журналисттин анын аброюна шек келтирип жазган макаласынан улам келип чыккан. Четинбаев Сартбаевдин үстүнөн арыз жазып, милицияга кайрылган.

26-февралда Сартбаев Октябрь райондук сотунун чечими менен №1 убактылуу кармоо жайына камакка алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0