Аида Салянованын күйөөсүнүн баш коргоо чарасы аныкталды

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук мамлкеттик коопсуздук боюнча комитетинин кире беришиндеги адам. Архив
Улуттук мамлкеттик коопсуздук боюнча комитетинин кире беришиндеги адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышка шектүү делингендер Бакыт Абдыкадыров менен беттешип, ага акча сунуштаганын билдиришти.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын күйөөсү Бакыт Абдыкапаровдун баш коргоо чарасы аныкталды. Ал өлкөдөн чыкпоо боюнча жазган тил катынын негизинде бошотулганын Улуттук мамлкеттик коопсуздук боюнча комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Уголовное дело - Sputnik Кыргызстан
Салянованын күйөөсүнө "алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду
Абдыкапаровго карата Кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси "Алдамчылык" боюнча кылмыш иши козголгон.

Буга чейин УКМКнын тергөө башкармалыгы Абдыкапаров "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызмат адамдарына козголгон кылмыш ишти жаптырып берем деп 50 миң доллар алганы боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген.

"Тергөө маалында кылмыш ишине тийиштиги барлар суракка алынган. Алар эки адвокаттын катышуусунда болгон беттешүүдө акчаны Абдыкапаровго бергенин айтышкан. Берилген көрсөтмөлөр алар тарабынан тастыкталган", — деп айтылат билдирүүдө.

Кылмыш иши 2015-жылдын 5-январында козголгон. Тергөө мөөнөтү 5-мартта аяктайт. Бул убакыт ичинде кылмыш иши сотко өтүп, айыпталуучуларга сот өкүмү угузулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0