Президенттин иш башкармалыгына караштуу "Ак-Толкундун" директоруна издөө салынды

Жазылуу
Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу мамлекеттик "Ак-Толкун" ишканасынын директору ага ишенип тапшырылган мүлктү жок кылган жана кызмат абалынан пайдаланган деп шектелип жатат. Аны камакка алуу үчүн издөө салынды.

БИШКЕК, 25-фев — Sputnik. Мамлекеттик "Ак-Толкун" ишканасынын директору Бекбосун Кыдыкбаевге сыртынан күнөө тагылып, издөө салынды деп билдирди улуттук коопсуздук кызматынын маалымат кызматы. 

2014-жылдын 14-ноябрында президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу мамлекеттик "Ак-Толкун" ишканасынын директору Кыдыкбаевге жана бир нече адамдарга карата КРдин Кылмыш жаза кодексинин 171 — "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу" жана 304 – "Кызмат абаланын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен кылмыш иши козголгон. 

УКМК былтыр мамлекеттик "Ак-Толкун" ишканасынын балансында турган ТМ 1000/10 үлгүсүндөгү төрт трансформаторду жасалма түрдө ишке жараксыз деп каттап, аны 1 миллион 220 миң сомго сатып, түшкөн каражатты аталган ишканын директору өзүнө алып калгандыгын билдирди. 

"Документтер "Ак-Толкун" мамлекеттик ишканасынан алынды, анда аталган ишканалар жараксыз деп табылгандан кийин "Темир" мамлекеттик ишканасына металл сыныктары катары тапшырылган, бирок, анда трансформаторлор иштей тургандай абалда болгон. Алар жеке ишкерлерге сатылгандыгы тууралуу козголгон кылмыш ишинин материалдарын толуктап жана Кыдыкбаевдин күнөөсүн далилдеп турат", — деп түшүндүрүштү ведомстводон.

Иликтөө иштери жогоруда сөз болгон төрт трансформаторлор Нарын жана Жалал-Абад облустарына соодаланып, иштетилип жаткандыгын таап чыкты. 

Мамлекеттик ишкананын директору тергөө органдарынан жашырынып жаткандыктан, ага күнөө тагылып, издөө салынды деп кошумчалашты УКМКдан.

Жаңылыктар түрмөгү
0