Ак-Талаада кар көчкүдө каза болгондордун жакындарына президент акчалай жардам берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев подписал закон "Об обмене кредитной информацией"
Президент Алмазбек Атамбаев подписал закон Об обмене кредитной информацией - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө президенти Алмазбек Атамбаев Нарын облусунда 18-февралда кар көчкүдө калып каза болгондордун үй-бүлөсүнө акчалай жардам берүү жөнүндө буйрукка кол койду.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал аймагында жайгашкан Кашка-Суу ички жайлоосунан жылкы айдап келе жатып кар көчкүдө каза болгондордун үй-бүлөсүнө 50 миң сомдон жардам берилди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын тоолору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарын облусунда жылкы айдап келе жаткан жарандар кар көчкүдө калып каза болду
Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айылынын үч тургуну – 1993-жылы туулган Жээнбай уулу Мирбек, 1982-жылы туулган Адылбек Төлөнбаев жана 1986-жылы туулган Шераалы уулу Уланбек бейшемби күнү, 18-февралда Кашка-Суу ички жайлоосуна жылкы айдап келүү үчүн барып, кар көчкүдө калган

Кар көчкүсүнө кабылгандардын экөөсү каза болгон. Алар: Мирбек Жээнбай уулу менен Адылбек Төлөнбаев болгон. Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан ар бирине материалдык жардам көрсөтүү үчүн 50 миң сомдон бөлүндү.


Жаңылыктар түрмөгү
0