Сот Келдибековду үй камагында калтырды

© Фото / пресс-служба ЖКАхматбек Келдибеков
Ахматбек Келдибеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков боюнча кийинки соттук териштирүүнү үчүнчү мартка белгиледи. Эл өкүлү үй камагында калтырылды.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. "Депутат Ахматбек Келдибековдун баш коргоо чарасын үй камагында калтырууга жактоочулар аракет кылдык", — деп Келдибековдун жактоочусу Татьяна Чильникина Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

11-февралда адвокат Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Келдибековго козголгон кылмыш ишин жандантууну сурап, өтүнүч кат менен кайрылган. Себеби, ал чет жакта дарыланып мекенине кайткан болчу.

"Менин жактоочумдун саламаттыгы жакшы эмес. Бирок анын абалы сот отурумдарына катышууга мүмкүндүк берет. Сот процесси бир эле күндө бүтүп калбайт. Келдибековдун адвокаты Азимбек Бекназаров сотту иш менен таанышып чыгуусун суранды. Андыктан сот отуруму үчүнчү мартка белгиленди", — деди ал.

Чильникина билдиргендей, мамлекеттик айыптоочу Келдибековдун баш коргоо чарасын №1 Убактылуу кармоо жайына камакка алууга алмаштырууну суранган. Бирок, анын жактоочулары баш коргоо чарасын үй камагында калтыруу керектигин белгилешкен.

2013-жылдын 20-ноябрында Келдибеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын убактылуу кармоочу жайына камалган. Эл өкүлүнө карата Кылмыш Жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратуранын маалыматында, депутат Салык кызматынын жана Социалдык фонддун жетекчиси жана ЖКнын төрагасы болуп тургандагы коррупциялык иштери үчүн айып тагылган. Ал мамлекетке 40 миллион сом зыян алып келди деп шектелинүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0