Мамтехинспециянын борбордук башкармалыгынын жетекчиси пара менен кармалды

Жазылуу
Башкы инспектор батирди өзгөртүп, сүрөт тарткан студияга ылайыктаганга уруксат сураганда, пара талап кылган деп шектелип жатат.

БИШКЕК, 14-фев — Sputnik. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциянын аймактык башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча башкы инспектору жума күнү, 13-февралда, 200 доллар пара алганы үчүн кармалды деп билдирди Бишкек шаардык прокуратурасынын маалымат кызматы.

Маалыматтарга караганда, шаардык прокуратурага бишкектик жаран башкы инспектордун 300 доллар өлчөмүндө пара талап кылып жатканы боюнча арыз менен кайрылган. 

Аталаган инспекторго көзөмөл органынын тергөө бөлүмү Кылмыш Жаза кодексинин 113- "Акча талап кылуу" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. 

"Испекторду кармап жатканда ал тартип коргоо кызматкерлеринен автоунаасы менен качып кеткенге аракет кылып, дагы бир нече жол кырсыгын жасады", — деп билдиришти маалымат кызматынан. 

Учурда кармалган инпектор камалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0