00:29 05 Баш оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7102
  • EUR100.3901
  • RUB1.1638
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
75 0 0

Баңгизаттарын мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү башкармалыгы ИИБде тазалануу болуп жатат деп эсептейт. 2013-жылы баңгизаты менен кармалган милиционерлер эки эсе көп кармалган.

БИШКЕК, 12-фев — Sputnik. "Баңгизаттарын мыйзамсыз сатууга байланыштуу 2014-жылы милиция кызматкерлерине карата төрт кылмыш иши козголгон", — деп Баңгизаттарын мыйзамсыз сатууга каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси Алымжан Козубаев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, ички иштер бөлүмдөрүндө тазалануу улантылууда.

2013-жылы баңгизаттарын колдонгону үчүн жети кызматкер кызматтан алынган. Былтыр баңгизатын колдонгон 13 кызматкер аныкталган. Алардын бардыгы кызматтан алынып, төрт кызматкерге карата кылмыш иши козголгон.

"Тилекке каршы, баңгизаттарын мыйзамсыз сатуу аракеттерине милиция кызматкерлеринин өзүлөрү да катышып жатат. Бул биздин мекеменин негизги көйгөйү жана бул багытта иштер жасалууда. Бул жылы бизде жакшы жыйынтыктар болот деп ишенем", — деди Козубаев.

Ал ошондой эле, 2014-жылы баңгизаттарын мыйзамсыз сатуу боюнча 31 чет элдин жараны кармалганын кошумчалады. Анын ичинде бир Кытай жараны, Тажикстандын 13, Казакстандын сегиз жараны, Россиянын үч жараны жана Өзбекстандын алты жараны бар.

Тема боюнча

Укук коргоочулар баңги заттарга байланышкан кылмыштарга улам көп катышууда
Кыргызстан ББ аймагы боюнча баңги заттарын алып өтүү тартиби жөнүндө макулдашууга кошулду
Белгилер:
Алымжан Козубаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ