Мамбеталиев: Камаловдун чогулган тарапкерлери түшүндүрүү иштеринен кийин тарап кетишти

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүИслам. Архив.
Ислам. Архив. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2015-жылы 28-январда кылмыш иши козголгон Кара-Суу районундагы "Ас-Сарахси" мечитинин имамы Рошат Камалов 9-февралда камакка алынып, убактылуу кармоочу жайга отургузулду.

Бишкек, 10-фев. — Sputnik. "Хизб-ут-Тахрир" уюмунун идеологиясын жайылтып жана Сирияга элди үгүттөп жүргөндүгү үчүн Кара-Суу районундагы "Ас-Сарахси" мечитинин имамы Рошат Камалов кармалгандан кийин 200гө жакын тарапкерлери чогулган. Бул туурасында ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев билдирди. 

"Ал элди диний экстремисттик уюмдун идеяларына тартуу үчүн чыгып, чакырып сүйлөп жүргөн. Рошат Камаловдун кармалгандыгына нааразы болгон 200дөй адам чогулду. Алар менен алдын алуучу жана түшүндүрүү иштерин жана аңгемелешүү жүргүзгөндөн кийин тарап кетишти. Камалов жана аны менен байланышта болгондор "Хизб-ут-тахрирдин" идеясын активдүү тараткан мүчөлөрү жана Сирияга барууга элди үгүттөп жүрүшкөн. Прокурордун санкциясы менен 22 дарек боюнча тинтүү иштери жүргүзүлдү", — деп билдирди Мамбеталиев.

Наручники - Sputnik Кыргызстан
Кара-Суунун кармалган имамы 2006-жылы өлтүрүлгөн имам Камаловдун баласы болуп чыкты
28-январда Ош облусунун Кара-Суу районундагы "Ас-Сарахси" мечитинин имамы Камаловго карата улуттук, расалык диний же регион аралык кастыкты козуткандыгы үчүн Кылмыш жаза кодексинин 299-беренесинин 1-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголгон. 

37 жаштагы Камалов 2006-жылы август айында атайын кызматтардын антитеррордук операциясында жок кылынган имам Рафик Камаловдун баласы. 

Жаңылыктар түрмөгү
0