Кыргызстандыктардын Москвадагы массалык мушташы криминалдык негизде болду — ИИМ

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүПатрон 7Н31 с броневой пулей
Патрон 7Н31 с броневой пулей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМ кыргызстандыктардын Москвада массалык мушташын криминалдуу териштирүүлөргө байланыштуу деп, бир адамдын өлүмүнө алып келген жана ок атуулар менен коштолгон окуянын чоо-жайын билдирди.

БИШКЕК, 10 фев — Sputnik. Кыргызстандыктардын Москвада массалык мушташы криминалдуу териштирүүлөргө байланыштуу болду деп билдирет КРдин Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы.

Билдирүүгө ылайык, 8-февралда 02 аркылуу полициянын нөөмөт бөлүмүнө Москванын Сельскохозяйственная көчөсүндө үйлөрдүн биринин короосунда массалык мушташ болуп, ок атылып жаткандыгы тууралуу маалымат келген.

Окуя болгон жерге келген полиция наряды Кыргызстандын бычак менен жарадар болгон эки жаранын тапкан. Алар 1982-жылы туулган Данияр менен 1980-жылкы Муктар деген балдар болуп чыккан. Аталган жарандар полициянын коштоосунда тез жардам унаасы менен Склифосовский атындагы илимий-изилдөө иниститутуна жөнөтүлгөн Биринчисинин сол санына бычак тийип жана башы жарадар болгон, ал эми экинчиси баш сөөгү, кежиге жагы жаракат алган, ошондой эле көкүрөгүнө, бел тушуна, сол бутуна бычак тийген. 

"2015-жылдын 8-февралга караган түнү болжол менен саат 01.00дө Сельскохозяйственная көчөсүндө жайгашкан "Бишкекская ночь" кафесинде артисттер Алишер Тотаев менен Болот Токтобаевдин концерти болуп, ага 70 чакты адам келген. Саат 01.00 чамасында кафеге кыргыз улутундагы 15 адам кирип, ал жерде отургандардын беттерине үңүлө карап кыдырып чыгышкан. Андан соң болжол менен саат 01.30да кафеде отургандар тарай баштаган", — деп айтып беришти ведомстводон.

Кыргызстандын ИИМнын Россиядагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, кафенин чыга беришинде 30-40 адамдын катышуусундагы мушташ чыгып, натыйжада эки адамга бычак тийген. Алардын бири азыр оор абалда Склифосовский атындагы ИИИнин реанимация бөлүмүндө жатат.

Ошол эле мезгилде кафеге ак түстүү "Опель", кара түстүү "Тойота Харриер" жана күмүш түстүү ВАЗ-21015 автоунаалары келген беп билдиришти ведомстводон. "Тойота Харриер" жана "Опель" автунааларынан ок атылып, натыйжада кафеге келгендердин экөө эсин жоготуп жыгылган.

Укук коргоо органдары аныктаган маалыматтар боюнча, андан бир аз убакты мурун кафеге үч жаш адам такси менен келип, кайра 30-40 мүнөттөн кийин чыгып кетишкен. Ошондон соң кафеде отургандар чыгып кете баштаган. Октун үнү угулганда, баягы келген кишилер таксиге тез отуруп, короодон чыгып кетишкен. Таксист жүргүнчүлөрдүн талабы боюнча аларды медициналык борборго жеткирген, себеби алардын биринин ичине ок тийген болчу. 

Москвада кыргызстандыктардын массалык мушташында киши өлдү
Күзөтчүлөрдүн автоунаасы келген мезгилде жарадар болгонду таштап коюп, калган экөө качып кеткен. Үчүнчүсү РФтин жараны, 1994-жылы туулган Темирлан Махмутов экени аныкталган. Ал тез жардам келгенге чейин каза болгон. 

Укук коргоо органдарынын оперативдүү маалыматтары боюнча, атышуу жана киши өлтүрүү криминалдык негизде болгон. 

Чач деген каймана атка ээ адамдын тобуна кирүүчү 15 киши аталган кафеден Сакал атту ысымга ээ кишинин тобунун Москва боюнча кароочусу 1981-жылы туулган таластык жаранды, ошондой эле аталган топтун таластык жана оштук бир нече мүчөсүн издеп келишкен. Алар ошол күнү аталган кафеде болушу керек болчу. 

Алдын ала маалыматтарга ылайык, ким экени аныкталбаган дагы эки адам кафеде атышуу болуп жатканда жарадар болгон. Бирок аларды окуя болгон жерге келген полиция менен "Тез жардам" кызматы тапкан эмес. Божомолдоолор боюнча, жарадар болгондордун бири Чачтын кылмыштуу тобуна кирүүчү Таха деген каймана аттуу киши болчу.

Азыр жабыр тартуучулардын бири Данияр ооруканадан чыкты, ал эми Муктар реанимациялык бөлүмдө жатат.

Кыргызстандын ИИМнын Россиядагы өкүлчүлүгү РФтин ИИМнын Москва боюнча ББнын кылмышкерлерди издөө кызматкерлери менен бирге шектенүүчүлөрдүн ким экенин аныктоого багытталган иш-чараларды жүргүзүп жатат.

Аталган факт боюнча Россиянын ККнын Башкы тергөө башкармалыгынын Останкино райондор аралык тергөө бөлүмү тарабынан РФтин КЖКнын 105-беренесинин 1-пункту ("Киши өлтүрүү") жана 222-беренесинин 1-бөлүмү ("Курал-жарак, анын негизги бөлүктөрүн, ок-дарыларды мыйзамсыз сатып алуу, бирөөнө берүү, сатуу, жана алып жүрүү") боюнча кылмыш иши козголду. 


Жаңылыктар түрмөгү
0