50-60 уйдун кыгын тазалап, сарайда күн көргөн Жумагүл

© Фото / Расул УсеналиевКазакстанда кулчулукта жүргөн 25 жаштагы кыз куткарылды
Казакстанда кулчулукта жүргөн 25 жаштагы кыз куткарылды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жумагүл Жусуп кызы үч-төрт жылдан бери Алматы облусунун айылдарынын биринде эмгек кулчулугунда жүргөн. Ал 50-60 уйдун кыгын тазалап, кыштын күнү сарайда түнөчү.

БИШКЕК, 9-фев — Sputnik. "Замандаш" ассоциациясынын Алматы облусундагы өкүлдөрү, башкы консул жана Казакстанда эмгектенген кыргызстандыктардын жардамы менен үч-төрт жылдан бери Алматы облусунун Енбекшиказак районунун Маловодное айылында 50-60 уйду багып жүргөн 25 жаштагы Жумагүл Жусуп кызы эмгек кулчулугунан бошотулду.

Мени куткарып кеткилечи

Жумагүлдү бошотуу аракеттери кандай жүргөнүн Sputnik сайтынын кабарчысына ассоциациянын Алматы шаарындагы өкүлү Туратбек Аманбаев буларды айтып берди.

Казакстанда кулчулукта жүргөн 25 жаштагы кыз куткарылды
— 4-февраль күнү Алматыдагы бир мекендешибиз жумуш издеп Алматы облусунун Енбекшиказак районунун Маловодное деген жерине барып калган. Ал жак ээн талаа болгондуктан Совет доорунда мал багуу үчүн салынган сарайлар көп. Ошол сарайлардын биринен ал Жумагүл менен таанышып калат. Ал бул жакта кулчулукта жүргөнүн, аны куткарып кетүүсүн суранган. Тигил жараныбыз, болгон окуяны Алматыдагы мекендештерибиз – Кубаныч Акунов менен Алмаз Кадыровго айткан. Бул балдар мага кайрылып, кулчулукта жүргөн мекендешибизди кантип куткарып алсак болот дешти. Биз Алматыдагы башкы консулдукка кайрылып, анын кызматкерлери, аймактык милиция болуп, кулчулукта жүрөт деген мекендешибиз кармалган жакка бардык. Ал жер шаардан бир топ эле алыс. Барсак, сарайдын ээлери сыртта жүргөн экен. Алардан сурасак эч нерсе билбейбиз деди. Бир аздан кийин "бул сарайда уйларды карап жинди кыз жүрөт" деп калды. Ал жакка Жумагүл өзүн Ырысгүл деп тааныштырган экен. Бизди көргөндө эле "мени алып кеткени келдиңерби? Мен силер менен кетем" деп калды.

Казак жарандарынын айтымында, алар Жумагүлдү талаада жүргөн жеринен алып келишкен. Курсагын тойгузуп, кийимин кийгизип жумуш жасатып койгонбуз дешти. Сарайдын ээсине барып, "Кандай болгон күндө да, бул кыз силердин кол алдыңарда иштеген, эмгек акысын беришиңизди талап кылам" дедим. Ал 10 миң теңге көлөмүндө акча берди.

Аны түз эле консулдукка алып келдик. Себеби, Жумагүлдүн эч кандай документи жок болчу. Консулдуктан документтерин даярдадык. Казак-кыргыз чек арасынан өтүүгө башкы консул абдан жакшы жардам берди. 

"Апамды абдан сагындым"

Жумагүл биздин кабарчыга апасын абдан сагынганын, анын жалгыз тилеги туугандарын жана апасын көрүү экенин айтты.

"Апамды абдан сагындым. Жалгыз тилегим апамды жана туугандарымды көрүү", — дейт ал. Жумагүл март айында 25 жашка толот.

Ал ошондой, Казакстанда көргөн күндөрү абдан оор болгонун, ага кол көтөргөн учурлар болгонун айтып берди. 

"Казакстанда көргөн күндөрүм оор болду. Мени башка-көзгө чапкылап да сабашты. Сарайда уй багып, аларды саап жүрдүм. Кышында ал жак абдан суук болчу", — дейт ал. 

Казакстандан кулчулуктан бошотулган Жумагүлдүн энеси табылды
Жумагүл мектепке барбагандыктан кат-сабаты жоюлган эмес. 

Түрдүү жолдор менен алдап барып кулчулукка сатып жибергендер көп

Алматы шаарында 24 жылдан бери соода-сатык менен алектенген Алмаз Кадыров Жумагүлдү эмгек кулчулугунан бошотууга салым кошкондордун бири. Анын айтымында, көпчүлүк кишилерди түрдүү жолдор менен алдап алып келип, кулчулукка сатып жибергендер көп.

"Жумагүлдү Нуриля деген аял бул жакка алып келип, сатып жиберген. Аны бул жактан жакшы жумуш таап берем деп алып келген экен. Кулчулуктан бошоткондон кийин ага Алматыдагы кыргызстандыктар да жакшы жардам беришти. Базарда иштеген мекендештер 40 миң сомдой акча жана Жумагүлдүн кийим-кечегин сатып беришти. Аны машинем менен Кыргызстанга алып келдик", — деди ал.

Алмаз Кадыровдун айтымында, Жумагүлдүн сабаты жоюлган эмес жана ал болгон окуяларды толугу менен эстей албайт. 

"Куткарууга барганда аймактык милиция арыз жаз деди. Жумагүл тамга тааныбагандыктан жаза албасын айтты. Ата-энеси жаш кезинде ажырашып кетиптир. Үч эжеси бар экенин айтып атат. Атасы Араванда, апасы Ноокат районунда турат дейт", — деди Алмаз Кадыров.

Жумагүлгө жардам берген дагы бир мекендешибиз Кубанычбек Акуновдун айтымында, Жумагүл мончодо жашачу. 

"Жумагүл башында сарайдын ээсинин үйүндө, андан кийин мончодо жашаган. Эртең мененки саат жетиден кечки саат сегизге чейин 50-60 уйдун кыгын чыгарчу экен. Үйдүн ээси ага нан жана желим бөтөлкөгө чай куюп берчү экен. Башында мончого жатып жүрүптүр, кийин күн суук болгондо сарайда мал менен чогуу жатчу. Мончодогу эки мышыгы күн сууктаганда ал жакта тоңуп өлүп калыптыр", — деди ал. 

Жумагүлдүн апасы табылды

Коңшу Казакстанда оор күндөрдү башынан өткөргөн Жумагүлдүн тууган-туушкандарын издөөгө "Замандаш" ассоциациясы да чоң көмөк берген. Жумагүл болгон окуяларды так эстей албагандыктан анын ар бир айткан маалыматы текшерилип, акыры анын апасы табылды.

Ассоциациянын өкүлү Талант Бекбаев Жумагүлдүн апасы табылганын айтат.

"Бүгүн түштөн кийин жолго чыктык. Азыр Жумагүлдүн апасынын жашаган жерин так тактап жатабыз. Ал Ноокат районунда турары аныкталды. Буюрса кызды апасы менен жолуктурабыз", — деди ал.

Кыргызстандын Акыйкатчы институтунун маалыматы боюнча кулчулукка сатылып кеткен жарандардан былтыр 2014-жылы эки гана кайрылуу түшкөн. Адистердин айтымында, кулчулукка сатылып кеткен жарандар уялгандыктан арыз менен көп кайрыла беришпейт.

Мындай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн мектепте атайын сабактар өтүлсө, кандайдыр бир таасир болмок деген пикирин Алмаз Кадыров айтат. Себеби, мектепти бүтүп, чет жактан жумуш издеген жаштар кулчулукка сатылып, алданып калып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0