Башкыртстанда жол кырсыктан өлгөн кыргыз жарандарынын сөөгү алынып келе жатат

© Sputnik / Меркурий Голоднов / Медиабанкка өтүүТрасса М-5 "Урал"
Трасса М-5 Урал - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкыртстанда жол кырсыктан өлгөн кыргыз жарандарынын сөөгү мекенине алынып келүүдө. Аны Кыргызстандын Оренбург шаарындагы консулу Жандар уулу Таалайбек коштоп келе жатат

БИШКЕК, 7-фев — Sputnik. Россия Федерациясынын Башкыртстан Республикасында ири жол кырсыктан каза болгон 5 кишинин сөөгү Кыргызстанга алынып келүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева Sputnik маалымат сайтына билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык маркумдардын сөөгү кечээ кечинде жөнөтүлгөн жана учурда Казакстандын чегине жакындап калды.

"Сөөктөрдү Кыргызстандын Оренбургдагы ардактуу консулу Жандар уулу Таалайбек коштоп баратат", — деди ал.

Самарадагы кыргыз диаспорасынын лидери Акылбек Кудуев, Оренбург шаарындагы Кыргызстандын консулу жана маркумдардын жакындары сөөктөрдү жеткирүүгө жардам бергенин айткан Айымкан Кулукеева ооруканага оор абалда алынып келинген кыргызстандык Носиржан Нурматовдун абалы дагы деле оор экенин  кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0