Башкырстандагы жол кырсыгына кабылган кыргызстандыктын абалы оор

© Sputnik / Б. Клипиницер / Медиабанкка өтүүПлощадь имени В.И.Ленина в городе Октябрьский
Площадь имени В.И.Ленина в городе Октябрьский - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкыртстанда беш киши каза болгон ири жол кырсыгында жабырланган мекендешибиздин абалы оор бойдон калууда.

Кыргызстандын 5 жараны Башкыртстандагы жол кырсыгынан каза болду
БИШКЕК, 5-фев — Sputnik. "Автожол кырсыгына кабылган Кыргызстан жаранынын абалы оор", — деп билдирди КРдин Россиядагы элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева Sputnik маалымат сайтына.

Шаршембинин түнүндө Башкыртстандын Октябрь шаарында ири жол кырсыгы катталган. КР өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында "Газель" үлгүсүндөгү кичи автобус жолдун маңдайына чыга калып, оор жүктөрдү ташуучу "Вольво" автоунаасы менен кагышкан. 

Кырсыктан кыргызстандык беш адам каза болуп, эки киши Октябрь шаарындагы №1 ооруканага жаткырылган. 

Жабыр тарткандардын бири Носиржан Нурматов Кыргызстандын жараны экендигин элчиликтен тастыкташты. Учурда анын абалы оор бойдон калууда, бирок, кырсыктан алган жаракаты толугу менен аныктала элек. Жабырланган экинчи адам Александр Кислицындын акыбалы боюнча маалымат учурда такталууда. 

Кырсык болгон жерде учурда КРдин дипломатиялык ведомствосунун тапшырмасы менен Оренбург шаарындагы ардактуу консул Таалайбек Жандаров, Самара шаарындагы диспоранын лидери Акылбек Кудуев жана Башкырстандагы кыргыздардын диаспорасынын жетекчиси Соно Алиева жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0