Нарын облусунда 746 баш мал уурдалып, чыгым 3 млн сомдон ашык болгон

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүАрхив: жылкычылар
Архив: жылкычылар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2014-жылы Нарын облусунда жалпысынан 746 баш мал уурдалган. Келтирилген чыгым 3 миллион сомдон ашкан.

БИШКЕК, 1-фев — Sputnik. Былтыр Нарын облусу боюнча 746 баш мал уурдалып, жарандарга 3 миллион сомдон ашык чыгым келтирилген. Уурдалган малдын 514тү ээлерине кайтарылган. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин жетекчиси Орозобек Молдосариев билдирди.

Мал уурулукту кесип кылган 54 адам кармалган. Анын ичинен 24 киши кирген 9 кылмыштуу топ да милиция кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Алардын 22 жолу мал уурулук кылгандыгы аныкталган.

Мал уурулук облуста катталган кылмыш иштеринин бештен бир бөлүгүн түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0