700гө жакын уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү атайын каттоодо турат

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүАрхив: ИИМ кызматкерлери
Архив: ИИМ кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ички иштер министрлигинин атайын каттоосунда Көлбаевдин, Батукаевдин, Абакировдун жана Бокушевдин уюшкан кылмыштуу топторунун мүчөлөрү каттоодо турат.

БИШКЕК, 29-янв — Sputnik. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин атайын каттоосунда төрт уюшкан кылмыштуу топтун 687 мүчөсү турарын министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунда 501 киши, Азиз Батукаевдин тобуна – 56, Максат Абакировдукунда – 75 жана Алмаз Бокушевдин уюшкан кылмыштуу тобунда 55 киши бар.

2014-жылы милиция кызматкерлери 190 уюшкан кылмыштуу топтун катарындагылар ы кармап, кылмыш жообуна тарткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0