Окуучу кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды

Жазылуу
Свердлов райондук Ички иштер башкармалыгынын ыкчам иликтөө тобунун кызматкерлери окуучу кызды зордуктоого шектелген Бишкек шаарынын тургунун кармашты.

БИШКЕК, 29-янв — Sputnik. Окуучу кызды зордуктоого шектелген жаран борбор калаадан кармалганын Ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2014-жылдын 1-декабрында саат 6:50 чамасында Орозбеков жана Ленинградский көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз киши мектепке бара жаткан 1999-жылкы окуучу кызга кол салган. Ал окуучу кызды сабап туруп, зордуктаганын ИИББден билдиришти.

Аталган факты боюнча Свердлов райондук ИИБдин тергөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кылмыш жаза кодексинин 129-беренеси "Зордуктоо" боюнча кылмыш иши козголду.

Комплекстүү ыкчам-иликтөө аракеттеринин алкагында Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери борбор калаада жашаган 35 жаштагы Төлөгөн Усуповду кармашкан. Ал Бишкектеги №1 убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0