"Хизб ут-Тахрир" уюмунун аялдар канатынын мүчөлөрү Ошто кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг мусульман против публикаций в СМИ карикатур на пророка Мухаммеда
Митинг мусульман против публикаций в СМИ карикатур на пророка Мухаммеда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмунун аялдар канатынын мүчөлөрү Ошто кармалды. ИИМдин маалыматына ылайык, кармалган аялдар жаш кыздарды өздөрүнүн катарына үгүттөп, аларды Ош облусунун аймагынан окутуп келишкен.

БИШКЕК, 28 янв — Sputnik. "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмунун аялдар канатынын мүчөлөрү Ошто кармалганын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган аялдар жаш кыздарды үгүттөп, аларды узак убакыттан бери Ош облусунун аймагында окутуп келишкен.

"Өлкөнүн түндүк аймагында алардын идеологиясын улантуучулары бар. Жаңы мүчөлөрдү тандоону уюмдун лидери өтө жашыруун түрдө жасаган. Андан ары алар радикалдык-экстремисттик уюмдун идеологиясын жайылтышкан. 2015-жылдын январь айынын ортосунда аталган уюмдун лидери кармалып, анын жанынан кайта басылып чыккан экстремисттик материалдар табылган", — деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

22-январда да аталган экстремисттик уюмдун дагы эки мүчөсү кармалган. Учурда уюмдун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0