Кыргызстанда 5 баллдык жер титиреди

© Фото / Пресс-служба МЧС КРАржив: зилзала
Аржив: зилзала - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда 5 баллдын тегерегинде жер силкинди, алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

БИШКЕК, 23-янв. – Sputnik. 2015-жылдын 22-январында саат 21:52де эпицентрде 5 баллга жеткен жер титирөө катталгандыгын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына таянып, ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. 

Жер титирөөдөн 3 мектептин дубалынан жарака кетип, сабак токтоду - Sputnik Кыргызстан
200гө жакын турак үй Ысык-Көл облусундагы зилзаладан зыян тартты
Жер титирөөнүн очогу Бишкек шаарынан 65 чакырым түштүк-чыгышты, Ала-Арча айылынан 40 чакырым түштүк-чыгышты карай жайгашкан.

Жер титирөө Ала-Арча, Кызыл-Дөбө, Дөң-Алыш, Эпкин жана Чолпон айылдарында 3,5 — 4 балл, Куйручук, Кызарт айылдарында жана Ысык-Ата курортунда 3,5 балл, Кочкор, Теплые ключи айылдарында 3 балл, Бишкек, Шопоков, Кемин жана Кара-Балта шаарларында 3 балл болгон. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Кечээ кечинде Кыргызстанда 4.9 магнитудалык жер титирөө орун алгандыгы боюнча кабар Европалык–Ортоазиялык сейсмикалык борбордун сайтында да маалымдалды. 

Кыргызстанда акыркы жолу имараттардын бузулуусуна алып келген жер силкинүү Ысык-Көл аймагында болгон.

Эмне үчүн жер титирөөлөр болот экенин Sputnik даярдаган инфографикадан көрсөңүздөр болот >>

Жаңылыктар түрмөгү
0