АКШда 2014-жылы полиция кызматкерлеринин колунан каза тапкандар

© AFP / Don EmmertАрхив: полиция кызматкери
Архив: полиция кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2014-жылы АКШда полиция кызматкерлери тарабынан бир нече кара түстүү адам өлтүрүлүшү өлкөнүн бүтүндөй аймагында тополоңду жаратты.

БИШКЕК, 23-янв — Sputnik. 2014-жылы Америка Кошмо Штаттарында бир нече африкалык-америкалык адам полиция колдуу болуп өлгөн. Адам өлтүрүүгө байланыштуу кенен маалыматты Sputnik сайтынын бетинен караңыз.

7-апрелде Лос-Анжелестин чыгыш тарабында тартип сакчылары 30 жашар Жон Винклерге жаңылыш ок атып алышкан. Полиция кызматкерлери жабыр тарткан адам кол салуучу деп болжоп, ага кызматтык куралынын огу түгөнгүчө атышкан. Андан мурдараак полицияга квартиралардын биринде колуна бычак кармаган бир шектүү киши жүрөт деген кабар келген. Аталган жерге барган тартип сакчылары байкоо алдындагы квартирадан эки адам чуркап чыгып аларды көздөй бет алганын көрүшкөн. Экөөнүн бири кансырап, ал эми анын артынан Винклер чуркап келаткан. Аны билдирүүдө айтылган кол салуучу экен деп полиция кызматкерлери ага карай ок атышкан. 30 жашар киши төрт жеринен жарадар болуп, кечирээк ооруканада көз жумган. Кийинчерээк дайын болгондой, каза болгон менен кошо дагы эки адамды квартирада бычакчан Александр МакДональд деген киши кармап турган экен. 

Июль айында Нью-Йоркто Дэниэл Панталео аттуу полиция кызматкери 43 жашар куралсыз Эрик Гарнер аттуу кара адамды кармоого аракет кылып жатып муунтуп таштаган. Интернетте бир топ полиция кызматкерлери көчөдө мыйзамсыз тамеки сатат деген шек менен Гарнерди токтотуп жатканы көрсөтүлгөн видео пайда болгон. Панталео колго түшүрүүгө аракет кылып Гарнерди мойнунан оролто кармаган. Шектенүүчү астмадан деми кыстыгып, аба жетпей жатканын айтканга аракеттенгени айкын угулат. Кечирээк ал ооруканада каза болгон. Гарнер алты баланын атасы болчу. Куралсыз африкалык-америкалыктын полиция тарабынан өлтүрүлүшү нааразылыктарды жаратты. 

9-август күнү Фергюсон шаарында (Миссури штаты) полиция кызматкери Даррен Уилсон 18 жашар кара түстүү Майкл Браунду бир нече жолу аткан. Анын алдында жаш бала полицияга баш ийбей аны менен мушташа кеткен. Браун андан бир нече мүнөт болгон талоончулукка тиешеси бар деп шектелген. Ноябрда эл өкүлдөрүнүн түзүлгөн сотчулардын тобу полиция кызматкер Уилсонду күнөөсүз деп тапкан.

9-октябрда Сент-Луисте (Миссури штаты) кызмат милдетин аткарбай турган убакта кара түстүү 18 жашар Вондеррит Майерс деген баланы атып салган. Ал полициянын маалыматы боюнча, окту биринчи чыгарган. Бирок Майерстин туугандары анын куралы жок болчу деп билдиришти. 

20-ноябрда болсо полиция кызматкери Нью-Йорктун Акаи Герли аттуу тургунун өзүнүн кызыныкына тепкичтен көтөрүлүп бара жаткан жеринен өлтүргөн. Анын дос кызы берген көрсөтмөгө ылайык, полиция кызматкери тепкичтен бир дабышты угуп, эч эскертүүсүз эле атып жиберген. Герли көкүрөгүнө тийген октон ооруканага жеткенден кийин көз жумган.

22-ноябрда Кливленддин балдар аянтчасында ак түстүү тартип сакчылары африкалык-америкалык Тамир Райсты колунда кармап турган оюнчук тапанчанын айынан атып ташташкан. Полиция кызматкерлери кичине баланын колундагы оюнчукту чыныгы тапанча менен алмаштырып алышкан экен. Медициналык сот экспертизасынын чыгарган бүтүмү боюнча баланын көкүрөгүнө тийген ок артерияга, ичеги карынга жана жанбаш сөөгүнө доо кетирген.

5-декабрда ак түстүү полиция кызматкери Аризон штатында 34 жашар кара түстүү жаранды жаңылыш атып алган. Полициянын офицери киши колун чөнтөгүнө салып баратканын көрүп эки жолу атып жиберген. Тартип сакчысы африкалык-америкалыктын куралы болуш керек деп болжогон, бирок анын чөнтөгүндө болгону дары гана бар болчу. Ок атууга чейин полиция кызматкери менен тиги киши мушташа кеткен. Себеби тартип сакчысы аны дүкөндүн жанында баңги сатып жатат деп шектенген.

Жаңылыктар түрмөгү
0