Майлуу-Суу шаарынын мэри 10 миң сом айып тартты

Жазылуу
Майлуу-Суу шаарынын башчысы Кыянбек Сатыбалдиев менен Ноокен районунун акими Абдырахман Осмонов "Коррупция жөнүндөгү" мыйзамды аткарбагандыгы үчүн жоопко тартылышты.

БИШКЕК, 19-янв — Sputnik. Майлуу-Суу шаарынын мэри Кыянбек Сатыбалдиев 10 миң сом өлчөмүндөгү административдик жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын расмий сайтында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, ал "Коррупция жөнүндөгү" мыйзамды аткарбагандыгы үчүн жоопко тартылган. Ушундай эле жазаны Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун акими Абдырахман Осмонов да алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0