Мухамедсадыр: Сирияга адам жөнөткөнүмө өкүнүп отурам

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүОсвобожденная от боевиков крепость Крак де Шевалье в Сирии
Освобожденная от боевиков крепость Крак де Шевалье в Сирии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарынын тургуну Мухамедсадыр Стамбул каналы аркылуу Сирияга 60га жакын киши жиберсе, анын жарымына жакыны кыргызстандыктар болгон.

БИШКЕК, 12-янв — Sputnik. УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук башкы башкармалыгы декабрдын аягында Стамбул шаары аркылуу Сириядага согушка адамдарды жиберип жүргөн 21 жаштагы Кыргызстандын жаранын Түркиядан алып келди. 

Ош шаарынын жараны Мухамедсадыр Сирияга баш-аягы 60ка жакын адамды жиберген. Атайын кызматтардын атайын операциясынан кийин ал Түркиядан алып келинип, учурда убактылуу кармоо жайында. Аталган башкармалыктын кызматкерлери бул боюнча иликтөө-иштерин жүргүзүп жатат. 

Сириядагы согушка кишилерди Стамбул аркылуу жөнөткөн каналда 7-8 адам иштейт
Мухамедсадыр Ош шаарында төрөлүп, мектепти да ушул жерден аяктаган. Үч бир тууган, атасы отставкадагы полковник, энеси үй кожойкеси. Ал Түркияга сооданын сырларын дагы жакшылап үйрөнүп, иштеп, 2015-жылдын жазында Ошко кайтып, ишкер болуу кыялы менен кеткен. Бирок, орто жерден жихадчылардын торуна түшүп, тагдыры таптакыр башка нукка өзгөрдү…

"Хамза" деген каймана аты бар Мухамедсадыр менен көзмө-көз жолугуп, бир нече суроолорду бергенге мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мурда диний медреседе окуп, диний билим алган эмес. 2012-жылы Түркияга бир тууган агасынын чакыруусу менен кетип, тери саткан жайда иштеп баштаган. Стамбулдан аны бир жылдан кийин бул жакта коңшу жашап, кийин Түркияга чыгып кеткен "Халид" деген каймана аттуу Махмуд Рахимов кылмыштуу ишке тарткан. 

Мухамедсадыр Сирияга кыргызстандык, тажикстандык жанан өзбекстандык балдарды жөнөтүп тургандыгын айтып берди. 

"Сирияга барганга мүмкүнчүк жаралбай калды. Стамбул аркылуу Сирияга жөнөткөндөрүмдүн 30-35тейи Ош, Жалал-Абад жана Баткенден келген мен тааныган балдар эле, ал эми беркилери чоочун балдар болучу. Бул ишиме азыр өкүнүп турам", — деп айтып берди ал. 

Алардын схемасы боюнча Сирияга кете турган балдар анын батирине келип, 2-3 күн жашап турган. "Хамза" аларды Стамбулдун жаңы бөлүгүнөн эскисине кемеге отургузуп алып өтүп, Кайнаржы деп аталган аймакка жеткирип, автобус менен Сирияга киригизип кетүүчү өзбекстандык кишилердин колуна өткөрүп берип келген.

Мамбеталиев: азгырылган жарандарды Сирияга жөнөтүп туруучу төрт багыт табылды
Мухамедсадыр жиберген адамдар Сириядан даярдыктан өткөндөн кийин 2-6 ай аралыгында кайтып келип, көбү Россияга өтүп турган. Алардын тартиби боюнча кайтып келгендерден андан ары эмне кыла тургандыгына кызыгып, суроо бергенге тыюу салынып, жалаң каймана ат менен иштөө талабы коюлган. Мухамедсадырдын милдети — беркилердин курсагын тойгузуп, Стамбул ичинде жеткир деген жерине алып барып, ары-бери коштоп жүрүү болгон. 

Ал жихадга кошкон салымын кишилерди жибергеним деп эсептеп келгендигин айтат. Махмуд Рахимов анын батирине 300 түрк лирасы (150 доллар) көлөмүндө акча төлөп берип турган. "Хамза" "Алла үчүн, соопчулук үчүн деп кылган "кызматына" акча алган эмес". 

Мухамедсадыр мусулман динине каршы келген ишке аралашып алганын, жаңылгандыгын айтты.

"Мен жаңылыптырмын, муну азыр түшүнүп, өкүнүп отурам. Өзгөчө, ата-энеме кыйын болду. Алардын абалын көргөн сайын жаман ишке баргандыгымды түшүнүп бара жатам. Бир иш кылардан мурда ата-энеден сурап, алар туура деп тапса гана, батасын алып иш кылыш керек экен. Азыркы жаштардын көбү азгырыкка чакырган видеону көрүп кызыгып, кетип жатышат. Ал жакка кызыгып барардын алдында ата-эненин алдынан өтүп, алар менен сүйлөшүү керектигин айтам. Мендей болуп кеткендер 20-30 жаш курагындагы адамдар. Көпчүлүгү кайтып келгенден кийин аттиң деп жатышат", — деди Мухамедсадыр.

Ал башка иш түшкөндө ата-энеңден башка эч ким жардамга келбестигине көзү жеткендигин да кошумчалап, кошунасына алданып, радикалдашып кеткенин айтты. 

"Досторуң канчалык көп болгону менен, башыңа кыйын иш түшкөндө ата-энеңден башка эч ким сага жардам бербейт экен. Мени бул жаман ишке ушул жердеги эле кошунам тартты. Туура эмес кылыптырмын. Башында "Алла үчүн соопчулук иш жасап жатасың деп айтса, ишене бериптирмин. Эми мындан ары башка жолго, туура жолго түшүшүм керек", — деди Мухамедсадыр биз менен болгон сүйлөшүүсүндө. 

Биз жогоруда сөз кылган Мухамедсадыр диний сабатынын жоктугунан, диний радикалдашуунун курмандыгы болду. Эгерде бул жаатта өлкөдө олуттуу кадамдар жасалбаса, мындай тенденциянын арбышы турган иш. Андыктан, өлкөдө жихадизмдин өөрчүшүнө каршы күрөшүү боюнча учурда УКМК тарабынан бир топ иштер жасалууда. Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгы тарабынан бир топ террористтик топтор табылып, коопсуздандырылды жана бул жаатта аталган кызмат ишин улантууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0