Сириядагы согушка кишилерди Стамбул аркылуу жөнөткөн каналда 7-8 адам иштейт

© Sputnik / Сергей Мамонтов / Медиабанкка өтүүАрхив: Сирия
Архив: Сирия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сирияга жихадка Стамбул аркылуу кеткендерди Өзбекстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Чеченстандын 7-8 жараны жөнөтүп турат.

БИШКЕК, 12-янв — Sputnik. Түркиянын Стамбул шаарында Сириядагы согушка жиберген каналда 7-8 адам иштейт. Бул туурасында Сирияга кишилерди Стамбул каналы аркылуу жөнөтүп жүрүп кармалып, учурда Ош шаарында УКМКнын убактылуу кармоо жайында отурган Мухамедсадыр аттуу кыргызстандык жаран айтып берди. 

Мамбеталиев: азгырылган жарандарды Сирияга жөнөтүп туруучу төрт багыт табылды
21 жаштагы Ош шаарынын тургуну Мухамедсадыр декабрдын аягында УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгы тарабынан Стамбулдан алынып келинген. 

Мухамедсадырдын айтымында, аталган каналда иштегендер – Өзбекстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Чеченстандын жарандары. Алардын ичинен экөө Өзбекстандын Анжиян жана Наманган облустарынын "Абуали" жана "Салим" деген каймана ат менен жүргөн тургундары. 

УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгынан Сирияга киши жөнөтүп иштегендер каймана ат менен жүрөрүн, ал жашыруун иш алып буруусу үчүн колдонулаарын кошумчалады.

УКМК басма сөз кызматынын берген маалыматында, Сирияда жүрүп жаткан чыр-чатактарга катышуу үчүн 2011-2014-жылдар аралыгында Кыргызстандан 200гө чукул адам кеткен.

Ал эми бул көрсөткүч Ош облусу менен Ош шаарынан орто эсеп менен алганда, 126 адамга жакындап барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0