Бишкекте жол кырсыгына кабылган микроавтобус оодарылып кетти

© Sputnik / Сандыбаев ДаниярДТП: В центре Бишкека перевернулся микроавтобус
ДТП: В центре Бишкека перевернулся микроавтобус - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектеги Фрунзе көчөсү жана Эркиндик бульварынын кесилишинде жол кырсыгы катталды. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жок.

БИШКЕК, 6-янв — Sputnik. Бишкекте катталган жол кырсыгынан Mercedes маркасындагы микроавтобус оодарылып калганын Sputnik сайтына окуяга күбө болгондор билдирди.

Жол кырсыгы Фрунзе көчөсү жана Эркиндин бульварынын кесилишинде болуп, микроавтобус менен Toyota Estima маркасындагы жеңил унаа кагышкан. Кырсыктын кесепетинен микроавтобус оодарылып кеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыр тарткандар жок. 

ИИМдин Жол кайгуул кызматынын (ЖКК) маалымат кызматы билдиргендей, жол кырсыгына кабылган айдоочулар ЖКК кызматкерлеринин кийлигишүүсү жок эле маселесин чечип алган. Мекемеден маалымдагандай, жол кырсыгынан жапа чеккендер жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0