20:02 21 Кулжа 2018
Түз эфир
  • USD68.2800
  • EUR78.6381
  • RUB1.0704
Взломанная страница сайта ДУМК

Муфтияттын сайты хакерлердин чабуулуна кабылып, иштебей калды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
63 0 0

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын сайтына хакерлер чабуул жасап, сайт иштебей калды.

БИШКЕК, 5-янв — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын расмий сайты хакерлердин чабуулуна кабылды. Муфтияттын маалымат кызматынын өкүлү Асан Саипов хакердик чабуул ишемби күнү, 3-январда жасалгандыгын билдирди.

Анын айтымында, мындай аракеттерди муфтияттын жана мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясатына каршы болгондор жасашы мүмкүн.

"Мамлекет дин жаатындагы абалды жакшыртуу боюнча аракеттерди көрүп жатат. Балким, муфтияттын жана мамлекеттин жасап аткан иштерине каршы болгондор жасашы мүмкүн деп болжоп жатабыз. Кимдер жасаганын так айта албайбыз", — деди ал.

Асан Саипов белгилегендей, учурда сайтты калыбына келтирүү боюнча муфтияттын кызматкерлери чараларды көрүүдө. Көпчүлүк мекеме, ишканалар эс алууда болгондуктан, муфтият тийиштүү укук коргоо органдарына кайрыла элек.

Белгилей кетсек, муфтияттын расмий интернет баракчасына киргенде сириялыктардын жана Палестинанын эркиндигин талап кылган #Free Syrian, #Free Palestine деген хэштектер жазылып, хакерлер Алжирден чабуул жасадык (#AttaCker fr0m Algeria) деген да хэштекти жазып коюшкан.

Тема боюнча

Экономика министрлиги текшерүүлөр боюнча маалыматты ачык берген сайт ачты
Туманов: кыргыз тилин кызыктуу жана жеңил үйрөнүүгө жардам бергим келет
Белгилер:
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы, Асан Сайипов
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ