Башкы прокуратура Аманбаеванын ишин сотко өткөрөт

© Фото / Пресс-служба ЖК КРАрхив: Урмат Аманбаева
Архив: Урмат Аманбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү Аманбаевага козголгон кылмыш ишин прокуратура толук иликтеп бүтүп, жакын арада сотко өткөрөт.

БИШКЕК, 24-дек — Sputnik. Башкы прокуратура ЖК депутаты Урмат Аманбаеванын ишин жакын арада сотко өткөрүп берет. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Урмат Аманбаева - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаева паракорлукка айыпталууда
Ош облустук кургак учукка каршы борбордо ири суммадагы акчанын мыйзамсыз түрдө алынып чыгылып кетиши боюнча козголгон кылмыш ишин Башкы прокуратура толук иликтеп бүттү. Акча жасоонун мындай коррупциялык схемасын түзгөн ЖК депутаты Урмат Аманбаевага КР Кылмыш Кодексинин эки беренесинин негизинде айып тагылган. 

Урмат Аманбаева жактоочусунун катышуусунда кылмыш ишинин материалдары менен таанышып чыгып, учурда буга катышы бар деп айыпталып жаткан башка адамдарга таанышуу үчүн берилген. Бул процесстер бүткөндөн соң, кылмыш ишин кароо сотко өткөрүлүп берилет.

Аманбаева тартип коргоо орнадары тарабынан айып тагылгандан кийин ден соолугу начарлап, ооруканага жатып калган. Андан бир нече убакыттан соң ага козголгон кылмыш ишинде аты кошо айыпталып жаткан адам өз жанын кыйган.

Жаңылыктар түрмөгү
0