Мырзакматов мамлекеттер аралык издөөгө алынды

© Фото / cercamonАрхив: Ош шаары
Архив: Ош шаары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарына эстакадалык көпүрө салууда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып жаткан Мелис Мырзакматовго мамлекеттер аралык издөө жарыяланды.

БИШКЕК, 23-дек — Sputnik. Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов мамлекеттер аралык издөөгө алынганын Sputnik сайтына ИИМ маалымат кызматы билдирди. Буга чейин Мелис Мырзакматовду Интерпол аркылуу издөөгө алуу каралып жатканы маалымдалган.

"Мелис Мырзакматов мамлекеттер аралык издөөгө алынды. Тактап айтканда, КМШ мамлекеттеринин аймагында изделет. Ошондой эле Интерпол ИИМ тарабынан берилген документтерди карап жатат. Интерпол өз каналдары аркылуу издөөгө алганда гана Мырзакматов эл аралык издөөгө алынды деп айтууга болот", — деп маалымат кызматы түшүндүрмө берди.

Архив: кишен - Sputnik Кыргызстан
Мелис Мырзакматов Интерпол аркылуу изделет
ИИМдеги жеке булактар билдиргендей, ыкчам маалыматтар боюнча 10 күн мурда Мырзакматов Синцзян-Уйгур автономдуу районуна келген. Бирок, бул маалымат учурда такталууда. Эгер анын Кытайдын аймагында экени аныкталса, Кыргызстанга өткөрүлүп берилет. Себеби, Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда издөөгө алынган кылмышкерлерди эки тарап бири-бирине өткөрүп берүү боюнча макулдашуулар бар. Буга чейин да кылмышкерлерди өткөрүп берүү фактылары болгонун ИИМ тастыктады. 

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов 27-ноябрда издөөгө алынган. Ага Ош шаарындагы Навои көчөсүндөгү эстакадалык көпүрөнү курууда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп кылмыш иши козголгон. Ош шаардык соту аны камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0