Кыргыз-өзбек чек арасында 4 баллга жеткен жер титиреди

© Sputnik / Владимир Родионов / Медиабанкка өтүүАрхив: Красные горы по дороге Хорог-Ош.
Архив: Красные горы по дороге Хорог-Ош. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечки саат тогуз жарымдарда болгон жер титирөө Кызыл-Кыя жана Ош шаарларына чейин жеткен.

БИШКЕК, 19-дек — Sputnik. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча 18-декабрда кечки саат 21:28де эпицентрде 3-4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында болуп, Кызыл-Кыя шаарынан 20 чакырым түндүктө жана Ош 60 чакырым түштүк-батышты карай жайгашкан.

Ысык-Көл облусуна гуманитардык жардам жөнөтүлдү
Жердин силкинүү күчү Кызыл-Кыя шаарында 3 балл, Ош шаарында 2,5 балл болгон.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок.

Белгилей кетсек, буга чейин Ысык-Көл облусунда жана Ош облусунда бир нече жолу жер титиреген.

Эмне себептен жер титирөө болорун Sputnik даярдаган инфографикадан көрүңүз >>

Эмне үчүн жер титирөөлөр болот
Эмне үчүн жер титирөөлөр болот - Sputnik Кыргызстан
Эмне үчүн жер титирөөлөр болот

 

Жаңылыктар түрмөгү
0