Пакистандагы аскер окуу жайына болгон кол салуудан 126 киши каза болду

© Sputnik / Пахомов / Медиабанкка өтүүАрхив: Пакистан
Архив: Пакистан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Талибан" кыймылынын согушкерлери Пакистандын түндүк-батышында жайгашкан Пешавар шаарындагы аскер окуу жайын басып алышты. Имаратта 500дөй окуучу жана мугалимдер болушу мүмкүн. Буга чейин 104 кишинин каза болгону маалымдалып, алардын 84тү өспүрүм экени айтылган.

БИШКЕК, 16-дек — Sputnik. Пакистандын Пешавар шаарындагы аскер окуу жайына согушкерлер кол салып, кеминде 126 киши каза болгонун РИА Новости India Today гезитине шилтеме берүү менен билдирди.

ЖМК: Талибандар Пакистандагы окуу жайына кол салып, 500 киши туткунга алынды
Буга чейин 104 киши каза болуп, анын ичинен 84тү өспүрүм экени айтылган.

Маалыматтарга ылайык, окуу жайдын имаратын "Техрик-и-Талибан Пакистан" ислам кыймылынын 6 согушкери басып алган. Алдын ала маалыматтар боюнча согушкер денесине жарылуучу заттарды байлап алышып, алардын бирөө өзүн жардырып жиберген. Буга чейин талибандардын өкүлдөрү согушкерлердин үй-бүлөсүнө карата Пакистан аскерлери тарабынан жүргүзүлгөн аракеттерден өч алууну ойлоп жатканын билдиришкен.

Dawn гезитинин маалыматы боюнча Пешавар шаарына Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф туткунга алынгандарды бошотуу аракеттерин жөнгө салуу үчүн келди.

Жаңылыктар түрмөгү
0