ЖМК: Талибандар Пакистандагы окуу жайына кол салып, 500 киши туткунга алынды

© Фото / U.S. Army KoreaАрхив: Пакистан
Архив: Пакистан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Талибан" кыймылынын согушкерлери Пакистандын түндүк-батышында жайгашкан Пешевар шаарындагы аскер окуу жайына куралдуу кол салып, каза болгондор бар.

БИШКЕК, 16-дек — Sputnik. "Талибан" кыймылынын согушкерлери Пакистандын түндүк-батышында жайгашкан Пешавар шаарындагы аскер окуу жайына кол салып, бирден көп киши өлгөнүн РИА Новости "Франс Пресс" агенттигине шилтеме берүү менен билдирди.

ЖМК маалыматына караганда, аскер кийимин кийген 5-6 согушкер Пешавар шаарындагы аскер окуу жайлардын бирине киришкен. Окуу жай ичинде ок атышуу болгон. Окуу жайга кол салууну "Техрик-и-Талибан Пакистан" ислам кыймылы мойнуна алган. Талибдердин айтымында, аларга жогорку класста окугандарды аткыла деген буйрук болгон.

"Пешавар аскер окуу жайында ок атышуу болду. Аскерлер окуу жайды курчоого алып, согушкерлерди издеп жатат", — деп "Франс Пресс" агенттигине аскер түзүмүндөгү булак билдирген.

"Рейтерс" агенттиги белгелегендей, согушкерлер тарабынан 500дөй киши туткунга алынышы мүмкүн. Алардын арасында окутуучулар менен окуучулар бар.

Окуянын чоо-жайы аныкталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0