Аманбаева менен кошо айыпталынып, кечээ асылып калган адамдын өлүмү иликтенип баштады

Жазылуу
Депутат Урмат Аманбаевага козголгон кылмыш ишинде аты кошо аталып жаткан мурдагы атка минер Акылбек Байсаловдун асылган сөөгү табылды.

БИШКЕК, 12- дек — Sputnik. Депутат Урмат Аманбаевага козголгон кылмыш ишинде аты кошо аталып жаткан Оштогу кургак учукка каршы облустук борбордун директору Акылбек Байсаловдун асылган сөөгү табылган. Бул маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. 

Байсаловдун сөөгү кечээ, болжол менен саат төрт жарымдар чамасында үйүнөн табылган.

"Байсаловдун үйүнө барган ыкчам-иликтөөчү топ Байсаловдун өлүмүнүн себептерин иликтеп жатат", — деди Сыдыков.

Урмат Аманбаева - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаева паракорлукка айыпталууда
Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин "Республика" депутаттык фракциясынын мүчөсү Урмат Аманбаевага карата 303-берене — "Коррупция" боюнча кылмыш ишин козгогон. Депутат Ош облусунун кургак учукка каршы күрөшүү борборун жетектеп турганда коррупциялык схема түзүп, мамлекетке акчалай ири зыян алып келген деп айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0