Бишкектеги Аламүдүн базарынын жанында суу түтүгү жарылып, унаа тыгыны жаралды

© Фото / Бекжан АпаитовАламүдүн базарынын жанынан ысык суу түтүгү жарылды.
Аламүдүн базарынын жанынан ысык суу түтүгү жарылды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курманжан Датка — Жибек жолу көчөлөрүндөгү унаа тыгыны жарылган суу түтүгүнөн улам жаралды.

БИШКЕК, 11-дек — Sputnik. Бишкек шаарындагы Курманжан Датка (мурунку Алматы) — Жибек жолу көчөлөрүнүн кесилишинде жылытуу түтүгү жарылып, ири унаа тыгыны жаралды. Көчөнүн кесилиши жана ошол аймакта жайгашкан дүкөн менен кошо башка бир катар жайларды суу каптап кетти. Бул туурасында ошол жердеги окуянын күбөсү Бекжан Апаитов билдирди.

"Бишкек жылуулук тармагы" биздин кабарчыга саат 11лерде ысык суу түтүгү жарылгандыгын тастыктады. Аталган ишкана учурда авариянын кесепеттерин жоюу иштери башталып, келтирген зыяндар такталып жаткандыгын кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0