Бишкекте жүк ташуучу микроавтобус көпүрөдөн кулап түштү

Жазылуу
Жүк ташуучу микроавтобус жүргүнчүлөрдү ташуучу унаа менен кагылышкандан кийин Чоң Чүй каналына кулап түштү.

БИШКЕК, 5-дек — Sputnik. Бүгүн Бишкекте саат 11.30да жүк ташуучу микроавтобус жүргүнчүлөрдү ташуучу унаа менен кагылышкандан кийин Чоң Чүй каналына кулап түштү, деп билдирди Sputnikтин кабарчысына Кыргызстандын ИИМинин жол-күзөт кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов.

Анын сөзүнө караганда, Тоголок Молдо көчөсүндө болгон жол кырсыгынан жүк ташуучу микроавтобустун айдоочусу жабыркаган. Тез жардам тобу аны Бишкектин травмотология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна жеткирген. 

"Окуя болгон жерде азыр ыкчам тергөө тобу жана жол-күзөт кызматынын нөөмөт бөлүмүнүн кызматкерлери иштеп жатат", — деп билдирди Тилек Оторов.

Жүк ташуучу микроавтобусту суудан алып чыгып, айып пул төлөөгө милдеттендирилген айдоочулардын унаалары коюлуучу жайга жеткиришти. 

Жаңылыктар түрмөгү
0