Кыргыз-казак чек арасында жер силкинди

Жазылуу
Жер титирөөнүн күчү Кыргызстандын калктуу аймактарында сезилген эмес.

БИШКЕК, 4-дек — Sputnik. Бишкек убактысы боюнча саат 11:25те Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтуна шилтеме берүү менен бейшембиде билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Казакстанда катталып, эпицентринде силкинүү күчү 3,5 баллды түзгөн. Ал Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарынан 48 чакырым түндүк-чыгышта, Георгиевка айылынан 45 чакырым түндүк-батышта, Ананьево айылынан 59 чакырым түндүк-батышта, Түп айылынан 100 чакырым түндүк-батышта жайгашкан.

Кыргызстандагы калктуу аймактарда жер титирөөнүн күчү сезилген эмес. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, кыйроолор болгон жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0