ИИМ: Оштун экс-мэри Мелисбек Мырзакматов жакын арада кармалат

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүАрхив: кишен
Архив: кишен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМ эл аралык издөө жарыяланган Ош шаарынын мурдагы мэри Мелисбек Мырзакматов жакында кармалат деп билдирди.

БИШКЕК, 4-дек — Sputnik. Ош шаарынын мурдагы мэри Мелисбек Мырзакматов жакын арада кармалат, деп билдирди Sputnik кабарчысына Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов.

Анын сөзүнө караганда, Мырзакматовго бейшембиде, 4-декабрда, эл аралык издөө жарыяланган. 

"Бүгүнкү күнгө чейин издөө Кыргызстандын аймагында, Мырзакматов убактысынын басымдуу бөлүгүн өткөргөн түштүк жергесинде жүргүзүлүп келген. Ыкчам маалыматтарга караганда, азыр ал чет өлкөдө жүрөт", — деди ИИМдин басма сөз катчысы. 

Архив: Ош шаары - Sputnik Кыргызстан
Оштун мурдагы вице-мэри 100 миң сомду жеп койгон деп күнөөлөнүүдө
Бакыт Сейитов азыркы тапта ведомствонун түштүк борбор шаардын экс-мэри каякта жүргөндүгү туурасында ыкчам маалыматы бар экендигин, бирок, тергөөнүн кызыкчылыгында алар ачыкталбай тургандыгын айтты. 

КР Башкы прокуратурасы ноябрдын аягында Ош шаарынын мэриясынын мурдагы жетекчилигине карата кылмыш ишин козгогон. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, Мелисбек Мырзакматов Ош шаарынын мэри болуп турган учурда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз түрдө шаардык кызматтардын жетекчилерине эстакадалык көпүрөнү куруу боюнча иштерди каржылоого жана баштоого тапшырма берген. Мунун натыйжасында шаар жолдорун башкаруу мекемеси 2013-жылы эки тендер өткөрүп, макулдашууларга кол койгон. Мунун натыйжасында мамлекетке 29 миллион сомдон ашык суммага зыян келтирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0