Донецкиде артиллериялык ок атуулар уланууда, 14 адам жаракат алды

© Sputnik / Медиабанкка өтүүПоследствия обстрела Донецка украинскими силовиками
Последствия обстрела Донецка украинскими силовиками - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар мэриясынын маалыматына ылайык, Петров районунда ок атуулардан газ өткөрүүчү түтүккө зыян келтирилип, алты трансформатордук көмөкчордону кубатсыз калды.

БИШКЕК, 2-дек — Sputnik. "Артиллериялык кармаштар" Донецкинин чет-жакаларында улантылып жатат, 14 жаран жарадар болду деп билдирди РИА Новости Донецкинин мэриясынын басма сөз борборуна таянуу менен.

Дүйшөмбү күнү эртең менен артиллериялык атуулар менен жардыруулардын үнү Донецкинин борборунда угулууда, шаарда жаңы кыйроолор болуп жатат деп билдирилген эле.

Муниципалитеттин өкүлүнүн айтымында, он төрт адам жаракат алды жана ок атуулар дагы деле уланууда.

Шаар мэриясынын маалыматына ылайык, Петров районунда ок атуулардан газ өткөрүүчү түтүккө зыянга учурап, алты трансформатордук көмөкчордону кубатсыз калган. Андан сырткары бул райондо жылытуучу түйүндүн электр жарыгы өчүп, ооруканага берилүүчү жылуулук да токтоду.

Киев бийлиги февралдагы мамлекеттик төңкөрүшкө нааразы болгон Украинанын чыгышындагы тургундарга каршы апрель айынын башында аскердик аракеттерди баштаган. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) акыркы маалыматтарына караганда, 4,3 миң карапайым тургун чыр-чатактын курмандыгы болду, ал эми дээрлик 10 миң адам жаракат алды.

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүПоследствия артиллерийского обстрела Донецка
Последствия артиллерийского обстрела Донецка - Sputnik Кыргызстан
Последствия артиллерийского обстрела Донецка

Украина кризиси: 2014-жылдын ноябрындагы тирешүүлөрдүн жүрүшү

Өкмөткө каршы массалык акциялар Украинанын түштүк-чыгыш облустарында 2014-жылдын февралында башталган. Бул жергиликтүү тургундардын өлкөдө бийликтин зомбулук жолу менен алмашуусуна жана андан кийин Жогорку Раданын орус тилине аймактык статус берүүчү мыйзамды жоюуга жасаган аракетине каршы жообу болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0