Жалган ишкердик жүргүзгөн 57 компанияга кылмыш иши козголду

© Sputnik / Роман Галкин / Медиабанкка өтүүАрхив: доллар
Архив: доллар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы элүү жети компанияга Кылмыш жаза кодексинин жалган ишкердик жүргүзүү беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 28-ноя — Sputnik. Жалган ишкердик жүргүзгөн 57 компанияга Кылмыш жаза кодексинин 182-беренеси (жалган ишкердик жүргүзүү) боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу КР Мамлекеттик салык кызматы басма сөз кызматы маалымдады.

Белгилей кетсек, жыл башында 15 компанияга да кылмыш иши козголгон. Кылмыш иши козголгон компаниялардын иши сотто каралууда.

Кылмыш жоопкерчилигине тартылган компаниялардын көпчүлүгү Бишкек, Ош шаарларында жана Ысык-Көл менен Жалал-Абад облустарында катталган.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынан Октябрь районунда катталган 17 компанияга, Свердлов районундагы 11 компанияга, Биринчи Май районундагы 13 компанияга кылмыш иши козголгон. Ал эми Жалал-Абад шаарындагы 5 компанияга, Ош шаарындагы 3 компанияга да жалган ишкердик кылганы үчүн кылмыш иши козголгон. Бул тизмеде Алай районундагы 3 компания, Сузак районундагы 2 жана Түп районундагы 3 компания да бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0